05.06.2018 17:27

ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаев УКМКга суракка кирди

ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаев  УКМКга суракка кирди

Бүгүн УКМКга Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев дагы суракка чакыртылды. Депутат Коопсуздук кызматына эмне себептен чакырылганы тууралуу айтуудан баш тартты. 

Мурда энергетика министри кызматын аркалаган Осмонбек Артыкбаев ЖЭБдеги жаңылоо иштерине байланыштуу жагдайларды тактоо үчүн беттештирүүгө чакыртылды деген маалымат бар.  

Буга чейин саат 15:00дө Бажы кызматынын мурунку төрагасы Кубанычбек Кулматов, саат 16:00дө мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКга суракка киришкен.