04.06.2018 11:45

ЖК депутаттары казак дипломаттарынан утулуп калды

ЖК депутаттары казак дипломаттарынан утулуп калды

Жогорку Кеӊештин депутаттары менен Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин командалары ортосунда кичи-футбол боюнча достук мелдеш болуп өттү. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Эл өкүлдөрү менен  Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин ортосунда достук-ынтымакты чыңдоо максатында демилгеленген мелдештин алгачкы беттеши элчиликтин командасынын жеӊиши менен аяктады.

Жогорку Кеӊештин депутаттары Мыктыбек Абдылдаев, Пархат Тулендибаев, Жаныбек Бакчиев, Жыргалбек Турускулов, Бактыбек Сыдыков, Умбеталы Кыдыралиев, Музафар Исаков курамына кирген депутаттык команда Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаев баштаган дипломатиялык команда менен беттешти.

Негизинен жаштардан куралган дипломаттардын футболчулары өз талаасында мыкты оюн көрсөтүшүп, эл өкүлдөрүн жеӊип алышты. Ал эми Жогорку Кеӊештин депутаттары алгачкы оюндан алган шыктануунун демин суутпай, мындай мелдештерди байма-бай өткөрүп туруу демилгесин колдошту.

Депутаттык команданын капитаны Жаныбек Бакчиевдин айтымында, кийинки оюндарда топ тебүүгө кызыккан депутаттардын саны арбып, жолдоштук беттешүү салтка айлануу менен эки тараптуу достук мамиленин чыналуусуна жаӊы дем бермекчи.