ЖКнын тармактуу комитети Азимбек Бекназаровдун Малайзиядагы элчилик кызматка талапкерлигин жактырды

ЖКнын тармактуу комитети Азимбек Бекназаровдун Малайзиядагы элчилик кызматка талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Азимбек Бекназаровду Кыргызстандын Малайзиядагы элчилик кызматына бекитти.

Бүгүн, 17-декабрда комитеттин 12 мүчөсү Азимбек Бекназаровду колдоп добуш берсе, жалгыз Ирина Карамушкина мындай кадр саясатына каршы чыкты.

Белгилей кетсек, отурум жабык эшик артында өткөн.

Азимбек Бекназаров өзү бул маалымат тууралуу түшүндүрмө бере элек. Буга чейин ал элчи болуу ниети жок экенин билдирген.

Эске салсак, мурда Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинде чыр чыккан. Мурунку элчи Кылычбек Султан дипломатиялык элчиликте жемкорлуктар тууралуу билдирүү жасаган. Коопсуздук кеңеши болсо Кылычбек Султандын өзүн айыптап чыккан.