28.05.2018 09:00

Жогорку Кеңеш 30-майда Өткүрбек Жамшитовдун отчетун угат

Жогорку Кеңеш 30-майда Өткүрбек Жамшитовдун отчетун угат

Жогорку Кеңеш 30-майда 2017-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчетун угат. Бул туурасында парламенттин басма-сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматта, төрага Дастанбек Жумабеков башында турган Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинде парламенттин 30-31-май күндөрүндөгү жыйындарынын күн тартибинин долбоору бекитилгени  айтылат.

Ал эми 31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында 2017-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчетун угушат.