02.04.2020 09:52

Жогорку Кеңеш депутат Аида Исмаилованын вице-премьер министрликке койгон талапкерлигин колдоп берди

Жогорку Кеңеш депутат Аида Исмаилованын вице-премьер министрликке койгон талапкерлигин колдоп берди

Вице-премьер-министрлик кызмат орунга Аида Исмаилова жана  саламаттыкты сактоо министрлигине Сабиржан Абдикаримов бекитилди. Алардын талапкерлигин кечээ Жогорку Кеңеш колдоду.

Аида Исмаилова Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты. Ал эми Сабиржан Абдикаримов акыркы жылдары Карантин жана өзгөчө инфекциялар борборун жетектеп келди. 

Мурдакы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өз арызынын негизинде кызматтан алынды.