21.06.2018 11:30

Жогорку Кеңеш депутаты Кыргызстанда «Google-салык» киргизүүнү сунуштап чыкты

Жогорку Кеңеш депутаты Кыргызстанда «Google-салык» киргизүүнү сунуштап чыкты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Казакбаев Кыргызстанда «Google-салык» киргизүүнү сунуштап чыкты. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

«Азыркы учурда кимдер IT-гиганттардын кирешеси үчүн күрөшүүдө? Көптөгөн ири компаниялар Facebook, Instagram, Twitter сындуу IT-гиганттарда өз товарларын жарнамалаганы үчүн чоӊ өлчөмдө акы төлөйт. Мисалы, ар университет Facebook тармагына ай сайын 500 доллар өлчөмүндө акы төлөп турат. Биз дагы Кыргызстанда «Google-салык» киргизишибиз керек, ошондо чоӊ киреше алабыз. Мындай салык Россияда да киргизилди», -деди депутат. 

Ошондой эле, Казакбаев өлкө мындай мыйзамдын жоктугунан Кыргызстан 500 млн сомдон 1 млрд сомго чейин кирешеден кол жууп жатканын билдирди. Айтымында, мындай салыкты киргизүү тейлөө кызматынын наркынын өсүшүнө алып келбейт.