12.02.2019 10:46

Жогорку Кеңеш Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүн отставкага кетиреби?

Жогорку Кеңеш Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүн отставкага кетиреби?

Өлкөдөн инвесторлордун качышы Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн ишине чекит коюшу мүмкүн. Мындай божомол Жогорку Кеңештин айрым депутаттары тарабынан айтылып жатат. Алардын айтымында, “отставка” маселеси аткаруу бийлигинин 2018-жылы аткарган иштери боюнча отчет берген соң көтөрүлүшү ыктымал.