12.06.2019 13:39

Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу сунушталды

Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу сунушталды

Жогорку Кеңеш депутаты Канат Исаев экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча  кырктан ашык эл өкүлүнүн колу топтолгонун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-июнда парламент  жыйынында билдирди.

Ал төрага Дастан Жумабековдон бул маселени кароону профилдик комитетке жөнөтүүнү суранды. 

Төрага сунуш эске алына турганын белгиледи.

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште бир нече депутат Алмазбек Атамбаевди 8-июндагы митингде сүйлөгөн сөзү үчүн сындап чыккан.