11.04.2019 13:12

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы коалициядан чыгыш керекпи? Депутаттардын пикири

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы коалициядан чыгыш керекпи? Депутаттардын пикири

КСДП төрдү бошотуш керек. Мындай демилгени кечээ Жогорку кеңештин депутаты Исхак Масалиев көтөрүп чыкты. Эл өкүлү азыркы башкаруучу коалиция таркашы керек деп эсептейт. Анткени, көпчүлүктүн негизин түзгөн фракциянын өз партиясы менен талаш-тартыш болгон учуру жалпы Жогорку Кеңешке чоң зыян келтирет деп билдирди Масалиев. Анын оюнда жаңы коалицияга КСДПдан башка бардык фракциялар кириш керек. Азыркы учурда парламентеги көпчүлүктү КСДП, "Республика - Ата-Журт", "Кыргызстан", жана "Бир Бол" фракциялары түзөт.