17.01.2019 14:29

Жогорку Кеңештеги "Мыкты ишмер" наамы бар депутаттар ким?

Жогорку Кеңештеги "Мыкты ишмер" наамы бар депутаттар ким?

Таржымалында 2 жыл дене тарбия сабагынан мугалим болгон депутат Тазабек Икрамов "Билим берүүнүн мыктысы" деген наамга ээ болду. Эреже боюнча, сыйлык 20 жылдык иш тажрыйбасы бар, агартуучулардын алды болгон мугалимдерге берилиши керек эле.

Парламент ичинде Тазабек мырзага окшоп, тиешелүү тармактарга эмгеги өткөн мыктылар толуп жатат. Кээ бир депутаттар 2-3 жаатта "отличник" болгонго жетишкен. Алардын баары салмактуу сыйлык үчүн күчүн жумшаган эмес  деп айтуу менентатыктууларын таарынтып алгандан алыспыз. Бирок, жумшагыраак айтканда, сурап алгандар толтура. Кээ бир учурда министрликтер эл өкүлдөрүнө жагынуу максатында, төш белги тапшыруудан кайра тартпайт.