06.02.2020 16:01

Жогорку Кеңештеги жаңжал: Коалиция таркап, Иса Өмүркулов отставкага кетеби?

Жогорку Кеңештеги жаңжал: Коалиция таркап, Иса Өмүркулов отставкага кетеби?

Жогорку Кеңештеги кезектеги жаңжал. Мыйзам менен регламентти айланып өтөм деген Иса Өмүркулов кесиптештеринин сынына кабылды.

Эске салсак, өткөн экинчи күнү, 4-февралда Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы кадрларын жактырган. Кесепетинде вице-премьер-министр Замирбек Аскаров кызматынан бошотулуп, анын ордун Эркин Асрандиев ээлеген. Ал эми Замирбек Аскаровду болсо ӨКМди башкартып коюшкан.

“Бир Бол” фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаев өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн бекитип жатып, Жогорку Кеңеш мыйзамды аттап өтүп, регламентти одоно бузган деп айыптап чыкты. Тагыраагы мыйзам менен регламент талап кылгандай, аталган талапкерлер көпчүлүк коалициянын сынынан өткөн эмес.

Бул себептүү Абдылдаев көпчүлүк коалицияны таркатып, анын башчысы Иса Өмүркуловго отставкага кетүүсүн сунуштады. Анын үстүнө өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн легитимсиз деп атады.

Өз кезегинде Өмүркулов өкмөткө жаңы министрлерди бекитүү процесси коалицияны айланып өктөнүн моюндап, бирок маселени оңунан чечүүгө умтулган жок. Болгону көйгөйдү кийинчерээк көпчүлүк коалициянын жыйынынан талкуулайлы деп гана чектелди.