05.09.2018 18:56

Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик гимнди жатка билишеби?

Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик гимнди жатка билишеби?

Кечээ эл өкүлдөрү эки айлык тыныгуудан кийин парламенттин босогосун аттап, Жогорку Кеңеш жанданды. Депутаттар колду көкүрөккө алып, алгачкы кадамын гимн менен баштоону туура көргөн. Жогорку трибунадан гимндин жаңырышы жакшы деңизчи, бирок, депутаттардын көпчүлүгү гимнди аткарып жаткан оркестрга калп кошулуп, оозун кыймылдатып тим болушту

12 саптан турган мамлекеттик гимнде алгач жергебизди ата-баба сактаганы, андан кийин азаттыктын жолунда өнүгүү жөнүндө сөз болот. Ошол эле учурда кыргыз элинин айкөлдүгүн ашкерелеген саптар да кездешет. Эл өкүлдөрүнүн арасында 3 куплетти мындай койуңуз, кайра-кайра кайталанган кайырманы билбегендер да бар экен. Кабарчыбыз Канат Каниметов депутаттардын мамлекеттик гимнге болгон мамилесин текшерген.