Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Мукар Чолпонбаев коронавирус инфекциясынан кайтыш болду

Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Мукар Чолпонбаев коронавирус инфекциясынан кайтыш болду

Бүгүн, 24-майда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 70 жашында Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коронавирус инфекциясынан кайтыш болду. Бул тууралуу коронавируска каршы курөшүү боюнча Республикалык штаб кабарлайт.

Коронавирустун айынан анда эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулар өрчүп кеткен. Ал ошондой эле жүрөк, бөйрөк жана кан тамыр илдеттеринен жабыр тартчу. Бүгүн 12:10до көрүлгөн реанимациялык чараларга карабастан ал COVID-19 вирусунан каза тапты”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, М.Чолпонбаев ооруканага 5-майда жаткырылып, ден соолугу начарлагандыктан кайра жандандыруу бөлүмүнө которулган.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунан жалпы 15 адам көз жумду.