14.11.2018 13:23

Жогорку Кеңештин эң бай жана эң кедей депутаттары ким?

Жогорку Кеңештин эң бай жана эң кедей депутаттары ким?

 

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматтагылардын салык декларациядагы маалыматтар тыкыр иликтениши абзел деген билдирүүлөрдү жасаган эле. Бирок, саясатчылардын көпчүлүгү жеке казынасын кагаз бетине толук түшүрдү деп айтыш кыйын. Алар ар кандай жол менен топтогон байлыгын жакынына жаздырып, четтен байкоо салып турууну эп көрүшөт.

April.kg ошол декларацияларды караштырып, кыргыз саясатчыларын жана Жогорку Кеңештеги фракция башчылардын мал-мүлкү жөнүндө видеографика жасаган элек. Эми кезек Жогорку Кенеш депутаттарына келди.