22.05.2018 18:30

Жогорку Сот Аида Салянова боюнча шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды

Жогорку Сот Аида Салянова боюнча шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды

Бүгүн, 22-майда Жогорку Сот Аида Салянова боюнча шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту андагы ЖК депутаты Аида Салянованы беш жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган.  

Өкүмгө ылайык, депутаттын жаза өтөө мөөнөтү кичүү кызы 14 жашка чыкканда башталмак. Салянованын кызы азыр 3 жашта.

Салянованын жактоочулары бул жазага каршы болушуп, Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. Бирок, 2017-жылдын 7-сентябрында Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы өкүмдү күчүндө калтырган. 

Эскерте кетсек, мурдакы Башкы прокурор Юстиция министрлигин жетектеген кезде юрист Алексей Елисеевдин жактоочулук лизенциясын мыйзамсыз түрдө узартып берген деп айыпталууда.

Аида Салянованын билдирүүсүндө, жактоочулук лизенциясы Елисеевге кылмыш иши козголгонго чейин узартылган. Ал министр катары эч бир мыйзам бузбагандыгын айтып келет. Май айында депутаттык мандатынан ажыратылган.