13.06.2018 17:05

Жогорку сот Садыр Жапаров боюнча шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды

Жогорку сот Садыр Жапаров боюнча  шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды

Жогорку сот мурдагы депутат Садыр Жапаровго чыккан шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Чечим бүгүн, 13-июнда кабыл алынды. 

Сотто сөз сүйлөгөн Эмил Каптагаев биринчи көрсөтмөсүнөн танган жок. Ал ошондой эле Жапаров барымта маселеси боюнча акталышы керектигин кошумчалады.

Андан сырткары, кылмыштын жагдайлары толук ачылбаганын айтты.

Ал эми прокуратуранын өкүлү бардык жагдайлар аныкталып, такталганын айтып, Жапаровду актоого негиз жок экенин билдирди.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда болгон митинг учурунда Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп айыпталып, 2017-жылы 2-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 11,6 айга кесилген. Кийин райондук соттун чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

УКМК 2017-жылы 25-мартта Садыр Жапаровду чет өлкөдөн Кыргызстанга киргенде камакка алган болчу.