23.04.2019 10:10, Аман Бакиров

Жогорку Соттун алдына чогулгандар Жапаров менен Текебаевдин бошотулушун талап кылышууда (видео)

Жогорку Соттун алдына чогулгандар Жапаров менен Текебаевдин бошотулушун талап кылышууда (видео)

«Мекенчил»  жана «Ата Мекен» партиясынын өкүлдөрү Жогорку соттун имаратынын алдында митинг өткөрүп жатышат. Алар Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевдин боштондукка чыгышын талап кылышууда. Бул туурасында April.kg порталынын кабарчысы Аман Бакиров билдирди.

Анын айтымында, чыгып сүйлөгөндөр алардын жөн жерден отурганын жар салышууда. «Мекенчил»   партиясынан болжол менен эки жүздөй адам болсо, Текебаевдин тарапташтары миңге чамалайт.

Митингге депутаттар Жанар Акаев, Исхак Масалиев, Алмамбет Шыкмаматов, Наталья Никитенко, Бахадыр Сулейманов, Эмил Токтошев, Каныбек Иманалиевдер келишти.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 2-августунда Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен «барымтага алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган.

Өмүрбек Текебаев 1 миллион доллар пара алган деген жүйөө менен 8 жылга эркинен ажыратылып, 5 жыл мамлекеттик кызматка келүүгө тыюу салынган. 

Бүгүн Жогорку Сотто Садыр Жапаровдун ишин кайра кароо боюнча башталган сот отуруму 30-апрелге жылдырылды. Ал эми, саат 16:30да Өмүрбек Текебаевдин иши каралат.