03.07.2018 09:00

Жол кырсыгына кабылган африкалык аялды аз жерден тирүүлөй көмүп сала жаздашты

Жол кырсыгына кабылган африкалык аялды аз жерден тирүүлөй көмүп сала жаздашты

Түштүк-Африка өлкөсүндө аялды аз жерден  тирүүлөй көмүп сала жаздашты. Анын дем алып жатканын өлүккана кызматкери кокусунан байкап калган. Бул тууралуу Би-Би-Си маалымдады.

Карлтонвилл шаарынын тургуну жол кырсыгына кабылып, окуя болгон жерге  келген дарыгерлер анын каза тапканын билдиришкен. Мындан улам, аялдын жансыз денеси шаардагы өлүкканага жиберилген. Бир канча убактан кийин морг кызматкери «өлүктү» текшерип коюуга кирип, анын дем алып жатканын байкап таң калган. Тирилип кеткен аялды ошол замат ооруканага жиберишкен.

Бул окуядан кийин териштирүү башталып, тез жардамдын дарыгерлери шалаакылык кылган деп айыпталышууда. Бирок, медиктер өздөрү буга далилдин жок экенин айтып, күнөөлөрүн моюнга алган жок.