03.08.2018 12:54

Жүргүнчүлөр Баткенге маршруткада жатып барышат

Бишкектен Баткенге каттаган микроавтобустар жүргүнчүлөрдү жаткырып алып барышат экен. Ал үчүн унаалардын отургучтары алынып, топчандар орнотулган. Аял, эркек жана балдар болуп 10го жакын жүргүнчү батат. Терезе кармангыч же коопсуздук куру деген түшүнүк жок. Элдерди мындай ыкма менен алыс жолго ташууда жол кыймылынын эрежеси бузулбайбы? Биздин кабарчылар орундугу жок унаа менен Бишкектен Исфанага жол тартууга аракет кылышты. Кененирээк кийинки материалда.