07.09.2018 18:00

Үч миллион сомдук байгени ким эңип кетет? Көк бөрүнүн финалдык таймашы башталды

Үч миллион сомдук байгени ким эңип кетет? Көк бөрүнүн финалдык таймашы башталды

Бүгүн, 7-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда казак курамасы менен Москва курамасы 3-орун үчүн беттешишти. Оюнда ири эсеп менен Казакстандын курама командасы утуп, 1 миллион сом байгеге ээ болушту.

Эми саат 18:00дө финалдык беттеш болуп, Кыргызстандын курама командасы менен Өзбекстандын курама командасы 1-2-орун үчүн  күч сынашат.

ДКО уюштуруу катчылыгы билдиргендей, Көк бөрү мелдешинин жалпы байге фонду 6 млн. 200 миң сомду түзөт. Биринчи орун үчүн байге 3 млн. сом, 2-орун үчүн – 1,5 млн. сом. 3-орун үчүн – 1 млн.  сом.

Көк бөрүнүн мыкты оюнчусу жана Көк бөрүнүн мыкты аргымагы байгеси үчүн 100 миң сомдон берилет.