24.10.2018 17:14

Үч жыл террористтердин туткунунда жүргөн журналист мекенине кайтат

Үч жыл террористтердин туткунунда жүргөн журналист мекенине кайтат

Согушкерлер 3 жыл туткунда кармаган япониялык журналист мекенине кайтат. Бул туурасында Japan Times гезити билдирди.

Япония жаранын бир нече жыл бою «Жебхат ан-Нусра» террористтик уюму туткунда кармап келген. Түркия менен Катардын атайын кызматтарынын биргелешкен операциясынын натыйжасында аны куткарууга мүмкүн болду. Мындай билдирүүнү Япониянын  министрлер кабинетинин башкы катчысы Есихиде Суга жасады. 

Шашылыш чакырылган маалымат жыйында Суга табылган журналист үч жыл мурун Сирияда жикчилдердин колуна түшкөн Жумпей Ясуда болушу толук ыктымал экенин билдирди. Өкмөт башчы ошондой эле, туткундун жубайына анын куткарылганы тууралуу маалымдалганын кошумчалады.