14.02.2020 13:17

"Үмүт-2020": Ш. Айтматова менен президенттин аппаратынын өкүлү жолукту

"Үмүт-2020": Ш. Айтматова менен президенттин аппаратынын өкүлү жолукту

«Үмүт 2020» саясий кыймылынын мүчөлөрү менен президенттин аппаратынын өкүлү жолукту. Бул тууралуу аталган кыймылдын мүчөсү Нурсултан Акылбекке таянып жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.  

Маалыматка караганда, жолугушуу 26-январда өткөн. Нурсултан Акылбек өлкө башчысынын аппаратынан келген өкүлдүн аты-жөнүн ачык айткан эмес. Жолугушуу «Үмүт 2020» саясий кыймылынын кеңсесинде болгон.

«Ууруларга каршы күрөш тандоо жолу менен кетип жатат. Чыныгы күрөштү башташ керек. Сөз эркиндигине, кыймылдын мүчөлөрүнө кысымды токтотуу керек экенин айтканбыз. Баарын жазып алып кетти. Азыркыга чейин жооп боло элек. Айтматова президент менен жолугуп, чыныгы абалды айтып берүүнү каалаганы айткан», — деди ал.

18-январда «Үмүт 2020» кыймылынын өкүлү Ширин Айтматова президентке ачык кайрылуу жиберип, кыймылдын өкүлдөрүнө куугунтук болуп жатканын айтып, Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусун суранган.

Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаев алдамчылык айыбы менен 20-декабрда кармалган.