12.04.2020 09:26

Үрөй учурган жол кырсыгы. Бишкекте эки унаа кагышып, бир канча адам жабыркады (видео)

Үрөй учурган жол кырсыгы. Бишкекте эки унаа кагышып, бир канча адам жабыркады (видео)

Эки жеңил унаанын катышуусундагы жол кырсыгы 11-апрелде кечки саат 19:40 чамасында катталган. Ал Ауэзов көчөсүндө “Тунгуч” кичи районуна жакын жерде болгон.

Андан төрт адам ооруканага жеткирилген, алардын бирөөнүн абалы оор экени маалымдалат. Күбөлөр социалдык тармактарга видео менен бөлүшкөн. Анда жарандар унаа ичиндегилерди алып чыгып жатканын көрүүгө болот.