Үйдөн дарылануу туура эмес. Илдет кабылданып, күчөп кетет! - Саламаттык сактоо министрлиги эскертүү таратты

Үйдөн дарылануу туура эмес. Илдет кабылданып, күчөп кетет! - Саламаттык сактоо министрлиги эскертүү таратты

Өз алдынча үйдөн дарылануу аянычтуу кесепеттерге алып келет. Бул тууралуу КР саламаттык сактоо министрлиги эскертет.

Маалыматка караганда, учурда айрым илдетке чалдыккан жарандар үй шартында дарыланып, абалын курчутуп жиберишүүдө.

“Калк арасында өз алдынча дарыланып жаткан учурлар кездешүүдө. Өз убагында дарыгерге кайрылбай, ар кандай булактардан кеп-кеңеш угуп, үйдөн дарылануу туура эмес. Себеби илдет кабылданып, күчөп кетет. Мындан улам, реанимацияга жаткандар да бар. Кандайдыр бир оорунун белгилери чыга турган болсо, сөзсүз медициналык мекемеге кайрылуу зарыл”, - деп белгиледи Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, учурда өлкө боюнча жалпысынан бул илдет менен 1520 адам ооруп калышты. Алардын ичинен 1043ү сакайып, ооруканадан чыгарылган. Бейтапканада дагы 461 жаран дарыланышууда. 4 киши кайра жанжандыруу бөлүмүндө.

Эске салсак, өлкө боюнча коронавирустан 16 бейтап көз жумган.