22.01.2019 11:42

ӨКМ кызматкери каза тапкан жол кырсыгы: Милиционер мас абалында болгон

ӨКМ кызматкери каза тапкан жол кырсыгы: Милиционер мас абалында болгон

Бишкектеги адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгына кабылган милиционер рулду мас абалында башкарып бараткан. Бул туурасында ЖКККББ маалымат кызматынан билдиришти. 

Эскерте кетсек, кечээ, 21-январда 7-апрель жана Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болуп, 33 жаштагы аял каза тапкан. 

Мекеменин маалыматына караганда, Mercedes-Benz унаасынын 26 жаштагы айдоочусу – Октябрь РИИБ тилкелик инспектору ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Ал эми, каза болгон аял ӨКМдин кызматкери Мээрман Асанканова экенин жана ал кош бойлуу болгонун айрым маалымат булактары  жазып чыгышкан. 

Учурда бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Тергөө милициянын кызматкерине карата баш коргоо чарасын тандоо өтүнүчү келтирилип, ооруканага күзөт коюлду. Учурда Октябрь РИИБ жетекчилигине карата териштирүү иштери жүрүүдө. 

April.kg редакциясынын жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтат.