Өкмөт аппаратынын жетекчиси Мурат Мукамбетов өз каалоосу менен кызматынан кетти

Өкмөт аппаратынын жетекчиси Мурат Мукамбетов  өз каалоосу менен кызматынан кетти

Мурат Мукамбетов Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси-министр кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Мукамбетов Мурат Картайбекович Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси-министр кызматынан өз каалоосу менен бошотулду.