25.01.2019 15:35

Өкмөт: балдар онкологиясынын имаратын куруп бүтүрүү үчүн акча жок

Өкмөт: балдар онкологиясынын имаратын куруп бүтүрүү үчүн акча жок

Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн имараты жакында бүтпөйт көрүнөт. Былтыр эле бүтүрүлөрү мерчемделген курулуш мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков кетери менен токтогон.

Жаңы өкмөттүн тушунда каражаттын жетишсиздигин айтып, курулуш такыр токтоп, качан бүтөрү дагы эле белгисиз.