18.06.2018 18:02

Өкмөт башчы Кулунду-Батыш унаа жолундагы көпүрөнүн курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты

Өкмөт башчы Кулунду-Батыш унаа жолундагы көпүрөнүн курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты

Кыргыз Республикасынын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 18-июнда, Баткен облусу боюнча эки күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө Лейлек районунун Кайрагач жана Кулунду айылдарындагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Өкмөт башчы атамекендик айыл чарба өндүрүүчүлөр үчүн тиешелүү шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.

«Жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүү биз үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө байланыштуу маселелерди ыкчам тартипте чечүү зарыл», -деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр жергиликтүү бийлик жетекчилерине дыйкандарга туруктуу негизде максималдуу жардам көрсөтүүнү, анын ичинде «Айыл чарбасын каржылоо-6» долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыяларды алууда консультациялык кызмат көрсөтүүнү тапшырды.

«Жер-жерлерде ишкерлер үчүн насыялык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо зарыл. Биз коммерциялык банктардын бардык насыялык ресурстары аймактардын ордуна Бишкек жана Ош шаарларына, Чүй облусуна багытталганына көнүп калганбыз. Быйылкы жылдан баштап аймактарды өнүктүрүүдө келечектеги системалык өзгөрүүлөрдүн негизин түзүп, анын ичинде жер-жерлерде насыялык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо кажет. Ири шаарларда колдо болгон бардык банктык куралдар жана кызматтар облустарда дагы жеткиликтүү болууга тийиш. Мындан тышкары фермерлер жеңилдетилген насыяларды алууга өз долбоорлорун сунуштоо үчүн бизнес-пландарды иштеп чыгууну үйрөнүүлөрү керек. Өз кезегинде райондордун акимдери окутууда жана тиешелүү семинарларды өткөрүүдө көмөк көрсөткөн эл аралык институттар менен иш алып баруулары зарыл», – деп баса көрсөттү өкмөт башчы.

Сугат суу маселесин эске алуу менен Мухаммедкалый Абылгазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Айыл чарбасын каржылоо-6» долбоорунун алкагында Лейлек районуна жана жалпы Баткен облусу боюнча ирригация түйүндөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын берди.

Муну менен бирге Премьер-министр Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдарга аймактык саясаты Концепциясынын алкагында жергиликтүү бийлик аны натыйжалуу ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоосу зарылдыгын эскертти.

Өкмөт башчы Өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаевге жазгы талаа иштеринин жүрүшүн тиешелүү деңгээлде көзөмөлдөөнү тапшырды.

Жергиликтүү фермерлер консервалык цехти жана логистикалык борборду ачуу маселесин көтөрүп чыгышты.

Премьер-министр бул маселелер бачкыч-баскычы менен чечилерин белгиледи.

«Өз кезегинде атамекендик өндүрүүчүлөр тиешелүү стандарттарды кармануу менен ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукцияларды экспорттоого басым жасоолору керек»,- деди ал.

Премьер-министр жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууда Премьер-министр катары анын милдеттеринин бири – балдарды бала бакчалардын жетиштүү саны менен камсыздоо экенин өзгөчө ырастады.

«Жер-жерлерде мектепке чейинки мекемелердин жетишсиздигинен балдардын бала бакчаларга бара албай жатканы маселе жаратпашы шарт. Биз балдарды тарбиялоодо жана алардын инсан катары калыптанышында бала бакчалар зор роль ойной турганын түшүнөбүз. Ошондуктан бул маселенин чечилишине мен бөтөнчө көңүл бурам», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле Өкмөт башчы Кулунду-Батыш унаа жолундагы көпүрөнүн курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов 12 метрлик көпүрөнүн курулушу 2017-жылы башталганын, анын сметалык баасы 12 млн сомду түзөрүн маалымдады.

«Бүгүнкү күндө 7,7 млн сом өздөштүрүлдү, акча каражаттарынын калган бөлүгү көпүрөнүн курулушун аяктоого жана жээк бекемдөө иштерине багытталат», – деп билдирди министр. 

Өкмөт башчы курулуш иштеринин аякташы менен жарандардын тиричилиги жана жашоо шарттары жакшырарын белгилеп өттү.