24.04.2019 09:52

Өкмөт башчы: Парламент менен өкмөт биригип жакшы жыйынтыктарга жеттик

Өкмөт башчы:  Парламент менен өкмөт  биригип жакшы жыйынтыктарга жеттик

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңеште Өкмөт 2018-жылдагы иши жөнүндө отчет берип жатат. Мыйзам боюнча Өкмөт парламентке ар жыл сайын отчет берип турат жана анын жыйынтыгы менен эл өкүлдөрү «канааттандырарлык», же «канааттандыраарлык эмес» деп чечим чыгарат.

Мухаммедкалый Абылгазиев сөзүнүн башында 2018-жыл өкмөт үчүн олуттуу сыноолорду алып келген мезгил болгонун билдирди. Премьер-министр 2017-жылдын аягында кошуналар менен болгон келишпестиктерден улам, өлкө кандай экономикалык абалдарга туш болгонун белгиледи.

«Миңдеген жүк ташыган унаалар кыргыз-казак чек арасында бир айлап туруп калды. Өлкөбүздүн экономикасына, өзгөчө экспортко иштегн ишкерлерибизге бир топ материалдык залакасы тийди. 2018-жылдын башында Бишкек ЖЭБи жарылып, шаардыктар жылуулуксуз калды. Өкмөт өз милдеттерине 2018-жылдын апрель айынан баштап киришип, бул кезде өлкө бюджети кабыл алынган, экономикабыз кырдаалды терең талдоого муктаж болуп турган. Мына ушунда учурда, коомдук актуалдуу маселелерин чечүүдө бийликтин бардык бутактары президенттин жетекчилиги алдында парламент менен өкмөт биримдигин көрсөтүп, жакшы жыйынтыктарга бирге жеттик. Сиздердин салымыңыздар менен ой-пикириңиздер өкмөттүн ишине кубат болуп берди», - деди  Абылгазиев.

Ал ошондой эле, өткөн жыл ичинде өкмөткө болгон ишеним индекси 0,6 пайызга төмөндөгөнүн билдирди. «Бирок бул - объективдүү процесс.Бул көрсөткүчкө өкмөттүн пиар менен алектенбей тынымсыз иштей бергени таасир этти деп ойлойбуз. Өкмөт азыр коомчулук үчүн ачык. Элдин көйгөйлөрүн ыкчам чечүү үчүн болгон аракетибизди жумшадык», -деп билдирди Өкмөт башчы.