01.06.2018 12:03

Өкмөт башчы социалдык объектилердин курулушун толук каржылоону тапшырды

Өкмөт башчы социалдык объектилердин курулушун толук  каржылоону тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкү обьектилерди өз мөөнөтүндө жана толук каржылоону тапшырды:

- Жалал-Абад балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин реабилитациялык корпусунун курулушу;

- Беловодскидеги балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин негизги корпустарынын капиталдык ремонту жана реабилитациялык корпусунун курулушу.

Белгилесек, мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир катар социалдык обьектилердин курулушуна 204,4 млн сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алган. Бул туурасында  өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Тактап айтканда, Жалал-Абад балдар психоневрологиялык үй-интернатынын реабилитациялык корпусунун курулушуна - 67 309 500 сом, ал эми Беловодскидеги балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин имаратынын курулушуна 69 034 900 сом багытталышы керек.

Пландаштырылгандай, аталган обьектилердеги курулуш иштерин каржылоо 2018-жылдын июнь айында башталат.

Жалал-Абад балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси 1970-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө мында 5-18 жашка чейинки 116 бала жашайт, анын 70и - балдар, 46сы – кыздар.

Беловодскидеги балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси 1935-жылдан бери иштеп келет. Учурда мында 230 бала тарбияланат.