30.11.2018 13:28

Өкмөт карызга алынган миллиондорго мештерди сатып алат

Өкмөт карызга алынган миллиондорго мештерди сатып алат

Кыргызстан эгемендикке жеткенден тартып өлкө бюджетинин кемтигин толтуруш үчүн 2,6 млрд. доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя жана грант алган. Көрүнүш бүгүн да уланып келет.

Мурда чет жактан масштабдуу маселелерге акча сурасак, быйыл кыргыз өкмөтү меш сатып алганга жардам берүүсүн өтүнгөн. Бул көрүнүш өкмөттүн бир мештик дараметинин жоктугунан кабар берет. 46 миллионду үйдүн эмес, жан дүйнөнүн жылышына жумшап, маданият же билим берүү тармагына бөлсө туура болмок дегендер да бар.