09.10.2018 12:11

Өкмөт Лунара Мамытованын кызматтан кетүү тууралуу арызын карап жатат

Өкмөт Лунара Мамытованын кызматтан кетүү тууралуу арызын карап жатат

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы чын. Бул тууралуу маалыматты super.kg порталына вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тастыктаган. 

Басылманын маалыматына караганда, арыз учурда өкмөттө каралып жатат. «Премьер-министр кол койгондон кийин өкмөт расмий маалымат таратат», - деген Өмүрбекова.

Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова акыркы учурларда чет өлкөлөргө чыккан сапарларына байланыштуу маалымат каражаттарынан түшпөй, социалдык тармактарда элдин катуу нааразычылыгын туудуруп келет. Ага карата терс ойлордун көбөйүшүнө Мамытованын пенсионерлерге «пенсияңарды топтоп, чет мамлекетке барып эс алып келгиле» деп айтканы жана кечээ, 8-октябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиеванын Лунара Мамытова Кыргызстан Дүйнөлүк банктан насыяга алган 437 миң сом менен АКШга барып, 12 күн базалык курстан өтүп келгенин ачыктаганы себеп болгон. Аткаминер айымдын жоругу соцтармактагы элди кыжырдантып, көбү анын кызматтан кетүүсүн талап кылып башташкан. 

Башкы прокуратура өз териштирүүсүндө Лунара Мамытова 2017-жылдан тарта 2018-жылдын сентябрь айына чейин 3 жолу (АКШ, Германия, Италия) кызматтык сапар жасаганын аныктаган. Мамытова кызматтык сапарларга чыгуу тартибин бузуп, сапарлардын жыйынтыгы боюнча билдирүүлөрдү жана отчётторду берген эмес. Мындан тышкары ал сапарлары аяктаган соң дипломатиялык паспортторду министрликтин тиешелүү бөлүмүнө өз убагында тапшырбаганы белгилүү болгон.