07.08.2018 15:34

Өкмөт сатуудан алынган салыкты көбөйтүүнү сунуштады

Президент кыйытып өткөн өкмөттүн кезектеги түшүнүксүз демилгеси пайда болду. Экономика министрлиги накталай сатуудан алынган салыкты 2%дан 5%га чейин көтөрүүнү сунуштап жатат. Ишкерлердин пикиринде, мындай кадам баалардын көтөрүлүшүнө алып келиши мүмкүн. 11-июлда коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоорун сындагандардын айтымында, салыктын жогорулашы керектөөчүнүн чөнтөгүнө кол салат. Кененирээк кийинки материалыбызда.