26.07.2018 15:36

Өкмөт таза суу баасын кымбаттатууну сунуштады

Өкмөт облус жетекчилерин орун алмаштыргандан тышкары, аккан суунун баа саясатын да өзгөртүүнү пландап жатышат. Өкмөт башчынын айтымында, баскан-турган жерде суу кездешкен Кыргызстан жарандары сууга болгон бааны абдан төмөн деп эсептейт. Бишкекте бир кубометр, же миң литр суу 5 сомдон сатылат, ал эми өздүк баасы 8 сомго тете. Коом жаңылыкты бир өңчөй кабылдаган жок. Эл арасында ар кандай кеп айтылууда.