Өкмөттөгү кыскартуулар: 1500 киши жумуштан айдалат

Таза коомдун тагдыры татаалдашып жатат деген кооптону өкмөттүн мамлекеттик кызматкерлерди кыскартабыз деген чечиминен кийин өрчүдү.

Ведомство аралык комиссиянын жыйынтыгына ылайык, 2177 штат бирдиги кыскартылат. Тиешелүү токтом өкмөт тарабынан чыгарылган. Ошондой эле Мамкаттоо кызматына ведомство аралык департаменттерди өзүн өзү каржылоого өткөрүү тапшырмасы берилди. Акыркы мөөнөт - ушул жылдын 31-декабрына чейин.

Кызыгы, быйыл аймактарды өнүктүрүү жылы деп аталганы менен, көбүнчөсү айыл-жергесиндеги башкармалыктар жоюлуп, андагы кызматкерлер иштен алынат.