06.06.2018 14:23

Өкмөттөгү туруксуз кадр саясаты

Жаңы президенттин шайланышы менен өзгөрүү шамалы башталып, кадр саясаты катуу жүрүп жатат. Албетте, бул күтүлгөн жана саясий практикада болуп эле келген көрүнүш. Жаңы келген адам өзүнө жаккан адамдар менен иш алып барыш керек. Бирок бөрк ал десе, баш алган аткаруучулар кээ бир учурда өз ишин жакшы билген адистерди алып түшүү менен алек болуп жаткандай.

Орун алмашуунун арты сумманын өзгөрүшүнө алып келбейт. Бир жетечинин оордуна экинчини алып келип, тармакты өзгөртүү андан кийин өнүктүрүү абдан эле оор. Ошондуктан орун алмаштыруу реформасын эмес, калыптанып, тамырын жайган системаны өзгөртүүнү жүргүзүү керек. Эсиңизге өзгөрүүнүн эпкинине кабылып, жумушунан кол жууган адамдарды салабыз.