05.07.2018 14:23

Өкмөттөр алмашат, өкмөт программасы калат

Кыргызстандын тарыхында канчалаган өкмөт алмашты, канчалаган программалар тартууланды. Сунушталган долбоорлор бири биринен ашат.

Даяр пландар турганда жаңы министрлер кабинетине велосипедди ойлоп табуунун муктаждыгы барбы? Жөн гана плагиат менен алектенип, ар кошкондон бир кошкон документ даярдап, тапшыра салса болот. Дегенибиз, жакында эле түзулгөн өкмөт жаңы программасын жарыялады. Байкаштырып, окуган адам дароо кемтигин таап чыгат. Жаңы өкмөт көтөрүп чыккан маселелердин көпчүлүгү буга чейинки премьер-министрлердин программасынан, массалык маалымдоо каражаттарынан көчүрүлгөн. Иштеп чыгуучулар ойчабытын иштетүүдөн эриндиби же кутулуунун айласын издедиби, белгисиз.