12.04.2018 12:47

Өлкө башчы Азербайжан президенти Илхам Алиевге куттуктоо жолдоду

Өлкө башчы Азербайжан президенти Илхам Алиевге  куттуктоо жолдоду

Кыргыз Республикасынын Президенти  Сооронбай Жээнбеков Азербайжан Республикасынын Президенти кызматына кайрадан шайланышына байланыштуу Ильхам Алиевге куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

«Сиздин Азербайджан Республикасынын Президенти кызматына кайрадан шайланышыңызга байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз!

Президенттик шайлоодогу Сиздин ишенимдүү жеңишиңиз Азербайджан эли сиз жүзөгө ашырып жаткан өлкөнү туруктуу жана  ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган иштерге ишенээрин көрсөттү.

Биргелешкен аракеттер менен өз ара  урматтоого жана ишенимге негизделген кыргыз-азербайжан  мамилелери  мындан ары да чыңдалып жана тереңдей берет деп  ишенем.

Жагдайдан пайдаланып, урматтуу Ильхам Гейдарович, Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги азербайжан элине – тынчтык  жана гүлдөп өнүгүү каалайм!», - деп айтылат Президент Сооронбай  Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.