Өлкөдө бир жумада 19 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Бир жумада 19 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталды. Бул туурасында КР ИИМинин ЖКККББнын башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-июлдан 12-июлга чейин жол кыймылын тескөөчүлөр 19 миң 175 эреже бузууну катташкан. Алардын ичинен:
• 613 айдоочу светофордун тыюу салган сигналына карабай өтүп кеткен;
• 165 айдоочу рулду мас абалында башкарып баратып кармалган;
• 3277 айдоочу жол белгилеринин талаптарын аткарган эмес;
• 45 айдоочуга унаасынын маңдайкы, капталкы терезелерин караңгылатып алып айдап жүргөнү үчүн чара көрүлүп, автоунаанын баарынын тонировкасы алынган.
• 2545 айдоочу ылдамдыкты жогорулатып айдаган;
• 218 айдоочу айдоочулук күбөлүгү жана башка тиешелүү документтери жок кармалган;
• 12312 дагы башка жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.
Айып салынуучу жайга 552 автоунаа токтотулган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: