05.06.2018 08:30

Өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында бүгүн, 5-июнда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолорго кар түшөт. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирет.

Маалыматка караганда, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу болот. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28,

Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26,

Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23,

Нарын дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7 градус.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 26…28 градус болот.