Өлкөдө жыл сайын 1,4 миңге жакын жашы жете элек кыздарда кош бойлуулук аныкталат

Өлкөдө жыл сайын 1,4 миңге жакын жашы жете элек кыздарда кош бойлуулук аныкталат

Акыркы жылдары өлкөдө 13-17 жаш курактагы кыздар кош бойлуу болгон 1 миң -1 миң 400 учур катталган. Алардын 85% жаш кыздар төрөөгө бел байласа, 15% боюнан алдырган. Мындай статистиканы  Саламаттыкты сактоо министрлиги жарыялады.  

Министрликтин билдиришинче, заманбап контрацептивдик каражаттарга болгон жеткиликтүүлүктүн чектелүүсү өспүрүм кыздардын кош бойлуулугу коркунучун көбөйтүүдө. Бул өз кезегинде өспүрүм кыздар тарабынан кылмыштуу боюнан алдырууну жасоо коркунучун көбөйөт.

Электрондук саламаттык сактоо борборунун маалыматты боюнча заманбап контрацептивдик каражаттарды колдонуу көрсөткүчтөрү Кыргыз Республикасында 2000-жылы 35%, 2017-жылы 25% га чейин кыскарган.

Ошондой эле, репродуктивдүү курактагы аялдардын 19% кош бойлуулукту кийинкиге жылдырууну же жок кылууну каалашканы, бирок  кандайдыр бир контрацепция ыкмаларын колдонушпаганы аныкталган.

2018-жылы биринчи жолу, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, энелердин өлүмүнүн олуттуу тобокелдиги бар аялуу жана жакыр аялдардын топтору үчүн контрацептивдик каражаттарды сатып алууга 3 миллион сом бөлүп берген.