28.08.2018 10:35

Өлкөдө үйлөнө турган жаштар ВИЧти аныктоочу тесттен өткөрүлүп башташы мүмкүн

Өлкөдө үйлөнө турган жаштар ВИЧти аныктоочу тесттен өткөрүлүп башташы мүмкүн

Кыргызстанда баш кошууга бел байлаган кыз-жигиттер ВИЧти аныктоочу тесттен өткөрүлүп башташы мүмкүн. Бул туурасында Жогорку Кеңеш депутаты Альфия Самигуллина 24.kg агенттигине билдирди. 

Анын айтымында, үйлөнүп жаткандар алгач жыныстык жол менен жуга турган ооруларга (ВИЧ, сифилис) текшерилип, анын жыйынтыгы менен бири-бирин тааныштыруусу зарыл. 

«Бизде 18-19 жаштагы кыздар билбей ВИЧ менен ооруган адамга турмушка чыгып алып, алардан өздөрү да жуктуруп алган учурлар катталган. Андыктан, эгер өлкөдө мындай мыйзам кабыл алынса, жарандар оорусун өз убагында аныктап, кош бойлуулук мезгилине жоопкерчилик менен мамиле кылат беле», — деди депутат. 

Анын айтымында, мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган, сентябрда Жогорку Кеңеш депутаттары тарабынан каралат. 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда Кыргызстанда  ВИЧ-инфекция жуктуруп алган 7,5 миң учур катталган. Алардын басымдуу бөлүгү жыныстык жол менен жугузгандар.