13.08.2018 12:12

Өлкөгө «Вольво ФН12420» үлгүсүндөгү унааны аткезчилик менен киргизген факт аныкталды

Өлкөгө «Вольво ФН12420» үлгүсүндөгү унааны аткезчилик менен киргизген факт аныкталды

«Кемин» салмак көлөмдүк контроль пунктунан өлкө аймагына былтыр мыйзамсыз киргизилген жүк ташуучу унаа кармалды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматта, буга чейин Кыргызстандын аймагына кымбат баалуу унааларды алып кирүүнүн коррупцияланышкан жолу аныкталып, бул боюнча кылмыш иши ачылганы айтылат. Анын алкагында ыкчам-иликтөө иштери жүрүп, натыйжада 2003-жылы чыккан «Вольво ФН12420» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа «Шмитц» үлгүсүндөгү чиркегичи менен кармалды. 

Унаа өлкөгө 2017-жылы киргизилип, жасалма документтерди колдонуу менен Каракөл шаардык  Унаа каражаттарын каттоо департаменти тарабынан каттоого алынган. Мамлекетке тиешелүү бажы төлөмдөрү төгүлгөн эмес. Мындан өлкө казынасына  1 миллион 384 миң 79 сом түшпөй калган. 

Учурда Кызмат өлкө аймагындагы ушул сыяктуу фактылардын бетин ачыктоого багытталган иш-чараларды улантууда.