27.04.2018 11:36

Өрттөн качып жогорку кабаттан боюн таштаган кыз эсине келбей каза тапты

Жалындан качып, бийик имараттан боюн таштаган кыз комадан чыкпай, каза тапты. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

"Көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн улам терезеден өзүн таштап жиберген кыз 27-апрелге караган түнү каза болду. Ал Алай районунун 28 жаштагы тургуну экени аныкталды", - деп билдиришет органдан. 

Эске салсак, 24-апрелде Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 4 адам жаракат алган. Тилсиз жоо болжол менен 23:20 чамасында чыккан. Өрт өчүргүчтөр барган кезде батир алоолонуп, катуу күйүп жаткан.

Өрттөн качып, терезеде турган кыз куткаруучулар шаты менен жеткиче, боюн таштап жиберген. Алгач 1-кабаттагы чатырга түшүп, андан кийин жерге кулаган кыз реанимацияда 2 күн комада жатып, эсине келбей каза тапты.