12.10.2018 11:13

Өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарында кыргыз суучулу Денис Петрашов финалга чыкты

Өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарында кыргыз суучулу Денис Петрашов финалга чыкты

Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында өспүрүмдөр арасында Олимпиада оюндары өтүп жатат. Кыргызстандан барган суучулдардын арасынан брасс стилинде 50 метр аралыкта сууда сүзүү боюнча спортчу Денис Петрашов финалга чыкты.

11-октябрь күнү Денис Петрашов брасс стилинде сууда сүзүү боюнча 50 метр аралыкта 28 спортчу менен жарышка түшүп, жарым финалга аттанган.

Жарым финалдын алкагындагы жарыштар Бишкек убактысы боюнча 03:50дө орун алды. Кыргыз суучулу Петрашов 28,62 секундада марага жетип келип, финалга жолдомо алды. 50 метр аралыкка сүзүү боюнча жарыштын финалы 13-октябрда, Бишкек убактысы боюнча таңкы 04:00дө өтөт. 

Эске сала кетсек, буга чейин өткөн брасс стилинде 100 метр аралыкта сууда сүзүү мелдешинде Денис Петрашов  2-орунду ээлеп, күмүш медалга татыган.