26.04.2018 19:02

Өткүрбек Жамшитов деген ким?

Насыяга алынган батир жана кичинекей үлүш жер. Башкы прокурордун ордун бүгүнтөн расмий түрдө ээлеп калган Өткүрбек Жамшитов өз мүлкү тууралуу ушундай маалымат берген экен. Мындан мурун ал Жалал-Абад облусунун прокурорунун креслосунда отурган тажрыйбалуу адис катары бааланат. Бирок жогорку макамды ээлеп калганына саясий элита эле эмес, өзү дагы катуу таң калганын жашырбайт. April.kg кабарчысы Канат Рыскулов ага байланыштуу маанилүү фактыларды тактап, эл сынына алып чыкты.