21.05.2018 13:18

Өзбекстан банан өстүрүүгө киришти

Өзбекстан банан өстүрүүгө киришти

Өзбекстанда банан өстүрүүчү күнөскана ачылды. Биринчи түшүмдүн көлөмү 250-300 тоннага жетери күтүлүүдө. Бул туурасында Өзбекстан президентинин маалымат кызматы билдирди.

Өзбек президент Шавкат Мирзиеев Анжиян облусуна болгон иш сапары учурунда жаңы ачылган банан жана помидор өстүрүүчү күнөсканалар менен таанышты.

Жашылчалар гидропоника ыкмасы менен, же топурагы жок эле жасалма чөйрөдө өстүрүлөт. Шавкат Мирзиёев муздатуу  жана компьютер аркылуу башкарылган сугаруу тутуму менен таанышты. 

Күнөскананын аянты 2 гектарды түзүп, ал жакта банан көчөттөрү отургузулган. Биринчи жылы 250-300 тонна түшүм алуу күтүлүүдө.

Ал эми аянты 1 гектарды түзгөн помидор өскөн күнөсканадан 300 тонна помидор алып, коңшу мамлекеттерге сатуу пландалууда. Мекеме 30 адамды жумуш менен камсыз кылды.