02.05.2018 09:29

Өзбекстанда инсулин чыгаруучу завод ачылды

Өзбекстанда инсулин чыгаруучу завод ачылды

Анжиянда кант диабети менен ооруган адамдарга өтө керектүү дары- инсулин чыгаруучу завод ачылды  Бул мекеме жылына орточо эсеп менен алганда 10 млн флакон инсулин өндүрүп турат.  Мунун арты менен заводдо 100 жаңы жумушчу орун түзүлдү. Бул туурасында аталган сайт  билдирет.

Анжиян шаарында ачылган  Zamin Bio Health заводу негизинен кант оорусунан жабыркаган адамдар үчүн инсулин өндүрүп чыгарууга адистешкен.

Маалыматка караганда, чыгарылган продукция Өзбекстан рыногуна гана чыкпастан, Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнө экспорттолмокчу. Буга чейин Өзбекстан аталган дарыны чет өлкөдөн сатып алчу.

Айта кетүүчү нерсе, бул завод Борбор Азиядагы жападан-жалгыз инсулин чыгарган ишкана болуп калат.