26.03.2020 15:04

Өкмөт: Ишкерлерди салыктан толук бошотуп, финансылык жардам көрсөтө албайбыз

Өкмөт: Ишкерлерди салыктан толук бошотуп, финансылык жардам көрсөтө албайбыз

Ишкерлерди салыктан толук бошотуп, финансылык жардам көрсөтө албайбыз. Бул туурасында КР вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.

Бүгүн, 26-мартта Эркин Асрандиев маалымат жыйынын уюштуруп, экономикалык кырдаал боюнча суроолорго жооп берди. Анда ал башка коңшу жана алыскы мамлекеттердей ишкерлерге толук кандуу көмөк көрсөтүүгө өкмөттүн алы жетпей турганын ачык айтты.

"Биз башка өлкөлөрдүн - АКШ, Түркия, Европа, Казакстан, Россиянын салыктардан толук бошотуу жана бизнести түздөн - түз финансылык жактан колдоо боюнча тажрыйбасын толук көлөмдө колдоно албайбыз, себеби, алардын экономиканы колдогон финансылык мүмкүнчүлүктөрү бар, -деди вице-премьер-министр Э. Асрандиев.

Ошондой эле вице-премьер-министр маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, коронавирустун айынан өлкө бюджетинин жоготуулары миллиарддап саналаарын билдирди.

“Экономика министрлиги жана Финансы министрлиги экономикалык потенциалдын төмөндөшү жана COVID-19 вирусунан улам чек аралардын жабылышы менен өлкө бюджетинин жоготуулары боюнча эсеп-кысаптарын жүргүзүүдө. Алдын ала суммасы – 27-28 млрд сом”, - КР вице-премьер-министри Эркин Асрандиев.

26-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны - 44. Алардын алтоо реанимацияда.

Эске салсак, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.