13.02.2020 09:36

Өкмөттүн кадр саясаты: Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы жумуштан алынды

Өкмөттүн кадр саясаты: Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы жумуштан алынды

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов кызматтан кетти. Маалыматты өкмөттөн ырасташты.

Азырынча Алмаз Мамбетовдун отставкасынын себеби белгисиз.

Алмаз Мамбетов 2019-жылдын апрель айында МКК жетекчиликке дайындалган. Ал ага чейин Балыкчы шаарын жетектеген.

Эске салсак, күн мурун мамлекеттик курулуш агенттигинин башчысы кызматтан кетүүсүн билдирсе. Жакында эле вице-премьерлер орун алмашып, Жениш Разаков жумуштан алынган.